Бүгүн парламент комитетинде Асел Кодуранованы вице-спикерликке көрсөтүү маселеси каралат

Бүгүн, 31-октябрда парламенттин тийиштүү комитетинде КСДП фракциясынан депутат Асел Кодуранованы вице-спикерликке көрсөтүү маселеси каралат. Бул тууралуу комитет жыйынынын күн тартибине киргизүүнү аталган фракциянын лидери Иса Өмүркулов сунуштады.

Ал вице-спикер Данияр Төлөновдун ордуна көрсөтүлүп жатат. 25-октябрда Жогорку Кеңеште “Кыргызстан” фракциясынан депутат Дастан Жумабеков спикер болуп шайланган. Төлөнов аталган фракциядан болгондуктан вице-спикерлик КСДП фракциясына берилген.

Айта кетсек, 25-октябрда парламент жыйынында “Кыргызстан” фракциясынан депутат Дастан Жумабеков 80 добуш менен Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан