Бишкекте Бажы кызматындагы аткезчилик жана коррупция маселеси талкууланууда

Бүгүн, 31-октябрда Бишкекте Бажы кызматындагы аткезчилик жана коррупция маселеси талкууланууда. Ага жарандык коомдун өкүлдөрү катышып жатышат. Талкуу учурунда Бажы кызматындагы аткезчилик жана коррупцияга жарандык коомдун көзөмөлү аркылуу каршы туруу демилгеленди. Ал үчүн атайын комиссия түзүлүп, өз сунуштарын берүүсү керек.

Демилгечилер буга мыйзам жол берерин белгилешти. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан да комиссия түзүү керектиги айтылды.

Укук коргоочу Рита Карасартованын пикиринде, жарандык коомго караганда депутаттар тарабынан түзүлгөн комиссиянын укуктары кенен. "Жарандык коом тарабынан түзүлгөн комиссияга караганда, Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан түзүлгөн комиссиянын укуктары кенен болот", - деди Карасартова.

Бүгүнкү жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоо органдарынын жетекчилери чакырылган, бирок келе алышкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан