Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде маданият, маалымат жана туризм министри кызматына Султан Жумагуловдун талапкерлиги каралды.
Анын талапкерлиги менен вице-премье-министр Чолпон Султанбекова тааныштырды.
Жыйынтыгында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде Жумагуловдун талапкерлиги жактырылды.
Белгилей кетсек, 28-октябрда Түгөлбай Казаков маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулган.
Маданият министри кызматына сунушталган Султан Жумагулов Кыргыздагы белгилүү журналист, мурун "Азаттык" радиосунун, ЭлТР жана КТРК телеканалынын жетекчи кызматтарында иштеп келген.