Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде вице-спикерликке КСДП фракциясынан депутат Асел Кодуранованын талапкерлиги жактырылды.
Кодуранова вице-спикер Данияр Төлөновдун ордуна көрсөтүлдү. 25-октябрда “Кыргызстан” фракциясынан депутат Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. Төлөнов аталган фракциядан болгондуктан вице-спикерлик КСДП фракциясына берилген.
Учурда Асел Кодуранова парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы. Комитеттин төрагалыгына КСДП фракциясы Канатбек Керезбековдун талапкерлигин көрсөтүштү.
Айта кетсек, 25-октябрда парламент жыйынында “Кыргызстан” фракциясынан депутат Дастан Жумабеков 80 добуш менен Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.