КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаев парламентте тамеки тартуу үчүн атайын жай уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
Депутат парламенттин дааратканасы тамеки чегүүчү жайга айланганын айтты. Эл өкүлү Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети вице-спикерликке көрсөткөн депутат Асел Кодуранованы бул боюнча көңүл бурууга чакырды.
Буга чейин 2017-жылдын башында дааратканада тамеки тартууга тыюу салуу маселесин аталган фракциянын депутаты Дастан Бекешев көтөргөн.