Парламентте 7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилөө маселеси талкуу жаратты

Бүгүн, 31-октябрда парламенттин тийиштүү комитетинде 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары майрамдоо жөнүндө Жогорку Кеӊештин токтом долбоору каралды.

Бул боюнча “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев каршы пикирин билдирди. "7-ноябрды Октябрь революциясынын күнү катары калтыруу керек. Бул боюнча атайын мыйзам кабыл алынган. Токтом менен мыйзамды кантип жокко чыгарабыз? Техникалык жактан да туура болбой калат. Бир майрамдын үстүнө экинчи майрамды койгон болбойт", - деди Масалиев.

“Ата Мекен” фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов 7-ноябрды Октябрь революциясынын күнү катары калуусу керектигин белгиледи. “Октябрь революциясы болбосо биз памирлик кыргыздардай болуп жүрмөкпүз. Анда 8-март - Эл аралык аялдар күнүн Энелер күнү менен аралаштырып салалы”, - деди Шыкмаматов.

КСДП фракциясынан депутат Иса Өмүркулов Октябрь революциясынын күнүн эч ким жокко чыгарбай турганын баса белгиледи. "Аны эч ким жокко чыгарган жок. Ар жылы 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгилөө жөнүндө сөз болуп жатат. Мында жалпы улуттун тарыхы, 1916-жылдагы Үркүн менен 1937-жылдагы кандуу репрессиянын курмандыктары камтылган", - дейт Өмүркулов.

Жыйынтыгында депутаттар аталган токтом долбоорду колдошту.

Эске салсак, 7-8-ноябрь күндөрүн Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары майрамдоо тууралуу президенттин жарлыгы жарыяланып, анда Жогорку Кеӊешке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү чарасы сунушталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан