Депутат парламент комитетинин жыйынынын аягына чейин катышпаган эл өкүлдөрүнө эскертүү берүү керектигин айтты

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин комитетинде кворум жок жыйын уланбай калды. “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Курманкул Зулушев кворум жок жыйын өтүп жатканын айтты.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Асел Кодуранова аппарат кызматкерлерин депутаттарды чакырып келүүгө жиберди. Алар депутаттар жок экенин айтып келишти.

“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Алтынай Өмүрбекова жыйындын аягына чейин катышпаган эл өкүлдөрүнө эскертүү берүү керектигин билдирди.

Комитетте жалпы 19 депутат бар. Ал эми жыйында 8 гана депутат отурган. Күн тартипте каралбаган 6 маселе калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан