Орусияда куткаруучулардын катары роботтор менен толукталат

Орусиянын өкмөтү Өзгөчө кырдаалдар министрлигин куткаруучу жана тиешелүү функцияларды өз алдынча аткара турган техникалык жана интеллектуалдык роботтор менен жабдууга өтмөкчү. Мындай маалыматты Орус ӨКМсынын Жарандык коргоо бөлүмүнүн стратегиялык изилдөө борборунун башчысы Михаил Фалеев жергиликтүү маалымат агенттиктерине билдирген.

"Өрт өчүрүүчүлөр куткаруучу резина кол каптын ордуна колдоруна иш кыла турган робот техникаларынын пульттарын кармап кала турган күн алыс эмес. Азыр бул тармак активдүү өсүүнүн үстүндө. Бул бир гана учуучу, бийиктикке чыгуучу жана жер менен жүрүүчү техника эмес, өз алдынча чечим кабыл ала турган интеллектуалдык роботтор менен да камсыздалуу дегендик. Ошондой эле бул роботтор ӨКМнын кызматкерлери кооптуу жайларда иш алып барган жагдайларды алмаштыра турган коргоого алынган коопсуз түзүлүштөр. Себеби андай кырдаалдарда ушундай техника керек", - деген Фадеев басылмалардын бирине.

ӨКМнын мындай робототехникага өтүү зарылчылыгы куткаруучулардын коопсуздугун алдын алып, тобокелдиктерди азайтуу максатынан улам келип чыккан.

Ал эми Кыргыз өлкөсүнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде робототехника жок. Эгер бийиктикте өрт кырсыгы катталса 50 метрлик бийиктикке чейин гана жетүүчү техника бар. Ал 16-кабатка чейин жетет. Ошондой эле тик учак дагы жок. Быйыл февраль айында Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан ӨКМга тик учак алуу демилгеленген. Бирок ал ишке аша элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан