Бүгүн, 31-октябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Элвира Сурабалдиева биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгуловдон эмне үчүн мугалим, дарыгерлерге мамлекет тарабынан турак жай берилбей турганын сурады.
Депутат мугалим, дарыгерлерге батир, жатакана бөлүнбөй жатканына нааразы болду. Ал мамлекет үйдү Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине жана сотторго эле берип жатканын айтты.
Толкунбек Абдыгулов мугалим, дарыгерлерге өкмөт мамлекеттик ипотекалык программасын иштеп чыкканын айтты. Абдыгулов алар турак жайды жеңилдетилген насыя менен алса боло турганын эскертти.
Учурда парламенттин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз өлкөсүнүн 2016-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө маселе каралып жатат.