СУПЕРСТАН: "Министр болгон жагат. Сен даяр сөздү сүйлөй бересиң, акча чөнтөккө агып түшө берет"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сиз жактырган кесип ээлери?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Ар бир кесип ардактуу. Баарынын өзүнчө түйшүгү болот эмеспи. Дарыгердин жумушу оор жана ардактуу. Милдетин аткаруу атайын билимди, талбай эмгектенүүнү, жабыркагандарга кайсы мезгилде болбосун медициналык жардам көрсөтүүгө даяр болууну, жан аябастыкты жана патриоттуулукту талап кылат. Өзгөчө хирургдарды сыйлайм".

"Кырк пайыз эркек балдар учкуч болууну каалашат, бирок баары эле боло бербейт".

"Кайсы кесип болбосун жумушун таза, тыкан алып барган кесип ээсин сыйламак түгүл тизе бүгөм. Мисалы, жөнөкөй эле дүкөндөгү сатуучуну алалы. Соода кылганга кирсең "берсемби-бербесемби, айтсамбы-айтпасамбы, турсамбы-турбасамбы" болуп илең-салаң болбой, сураган нерсеңди таап берип, жок болсо тарс-тарс жооп берип сылык узатып койгон сатуучу жагат".

"И баса, кайсы сайтта болбосун администратор болуп иштеген да жакшы окшойт. Администраторлорду сыйлайм. Мээси чарчабай иштешет".

"Эгер мени тартса, кыздарымдын бирин балерина кылгым келет. Ушул кесип аябай жагат, мен балерина болбой калганым үчүн апама таарынычым бар, эстегенде айта берем".

"Кайсы кесип болбосун ошол кесибин сүйүп аткарган кесипкөйлөр жагат. Бул кесип, тиги кесип деп бөлбөйм. Эң негизгиси өз кесибин мыкты, тыкан аткаргандар жагат. Чала-була аткаргандар такыр жакпайт, ары эмес же бери эмес. Иштин майын чыгарган адамдар бар, аларды көрүп кээде ушунчалык суктанам".

"Министр болгон жагат. Сен даяр сөздү сүйлөй бересиң, акча чөнтөккө агып түшө берет".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
barakcha
2017-10-31 16:44:27
Тигуучу болуп калсам эмне деп ойлоп кетем.Биз бир айда алган акчаны тигуучулор бир жумада алышат экен.
-1
ZHYRGAl1412
2017-10-31 18:35:19
Супер инфо силерге чоон рахмат баткен облустук ооруканасын чыгарганынардан кийин 2кундон бери тазалап атышат
+1
ayva
2017-11-01 21:37:57
ZHYRGAl1412,у меня улыбка на миллион.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан