30-октябрда "Достук" көзөмөл өткөрүү бекетинде Ташкент-Андижан-Ош-Эркеч-Там-Кашкар маршруту боюнча сапар тарткан эл аралык автожүрүүчүлөрдүн жолугушуусу болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага мэриянын жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Тышкы иштер министрлигинин Ош облусу боюнча өкүлү автоунаа-суу жана салмак габариттик көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда Өзбекстан, Кыргыз жана Кытайдын атынан чыгып жаткан жарандар, 9 оор жүк ташуучу унаа "Достук" чек ара бекетинен өтүп, Кытайдагы Кашкар шаарына багыт алышты. Автоунаа-суу жана салмак габариттик көзөмөлдөө мамлекеттик агенттигинин директору А.Бекмуратов пилоттук долбоор үч өлкөнүн ортосунда болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин ишке киргенин белгиледи. Ошондой эле оор жүк ташуучу унаалар үчүн Өзбекстан-Кыргыз-Кытай маршрутунун ачылышы үч өлкөнүн жарандарына ыңгайлуу шарттарды түзөрүн кошумчалады.