ЭЛДИК ВИДЕО: Леонардо Ди Каприого болушкан бульдог

"Медиа-порталдын" "Элдик видео" бөлүмүнө "Леонардо Ди Каприону сактоого аракет кылган бульдог" деген видео жүктөлдү (ник: Nadya_90).

Видеодо актёр Леонардо Ди Каприо роль жараткан "Аман калган" ("Выживщий") тасмасын көрүп отурган ит баш каарман менен аюунун салгылашуусуна келген жерден Леого болушуп үргөнүн көрүүгө болот. Актёрдун бул сценасы көпчүлүккө аюу менен болгон абдан бүйүрдү кызыткан тиреши менен белгилүү. Лео тасмада акыры аюуну моюн тарапка бычак менен сайгылап жатып жеңет.

Маалымат үчүн: "Аман калган" тасмасынын режиссёру Алехандро Гонсалес Иньярриту. Башкы ролдордо – Леонардо Ди Каприо, Том Харди. Тасмада аӊчы Хью Гласстын 1823-жылы башынан өткөргөн окуясы баяндалат. Тартуу иштеринде бир дагы жаныбар өлтүрүлгөн эмес.

Ал эми бул видеонун баш каарманы Кхалиси бульдог. Ал Ди Каприонун күйөрманы дейт ээси. Видеону көрүү үчүн шилтеме аркылуу "Медиа-порталга" өтүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан