Кыргызгидромет: "3-ноябрдан тартып аймактарда жамгыр, тоолордо кар жаашы күтүлөт"

Ысык жана кургак аба ырайынан кийин Кыргыздын аймагында 3-ноябрдан тартып аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Маалым болгондой, 3-ноябрда күндүз кээ бир райондордо, 4-5-ноябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаап, тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. 4-5-ноябрда Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн абанын температурасы 2 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз +15 градус жылуу болот.

Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн 0 градус болсо, күндүзү +10 градус жылуу. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -8 градус суук, күндүзү +8 градус жылуу болору күтүлөт. Ал эми бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18 градус, күндүзү -7 градус суук болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан