Бишкектеги "Жаштар" сейил багында оңдоо иштери жүрүүдө

Бишкектин Жибек Жолу проспектиси менен Махатма Ганди көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Жаштар" сейил багында оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, сейил бакка ирригациялык жана суу өткөрүүчү түтүк орнотуу пландалган. Оңдоо иштеринин алкагында парк жарыктандырылып, жаңы отургучтар коюлат.
"Курулушту ишке ашырып жаткан аткаруучу компания азыр тротуарларды оңдоп жатат. Жалпысынан фонтан комплекси, унаа токтотуучу жай жана футболдук аянтча оңдолот. Ошондой эле видеокөзөмөл орнотуу пландалып жатат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан