Өзбекстандын тунгуч президенти Ислам Каримовдун Лола жана Гүлнара аттуу кыздарынан сырткары Пётр деген уулу бар экенин өзбек басылмалары жазып чыгышты.
Мындай маалымат Ислам Каримовдун илимий-агартуу комплексинин жакында эле ачылган сайтында пайда болгон. Анда тунгуч президенттин 3 баласы жана 6 небереси бар экени жазылган. Ал эми буга чейин 2 кызы, 5 небереси тууралуу гана маалыматтар айтылып келген.
Белгилүү болгондой, Каримов 1960-жылы Наталья Кучма аттуу айымга үйлөнүп, 1969-жылы Пётр Каримов деген уулдуу болгон. Азыркы учурда ал Москвада жашайт. Ошондой эле "Фергана" басылмасынын жазып чыкканына таянсак, ал мурда "Азия-Инвест-Банктын" башкаруучу өкүлүнүн орун басары кызматын аркалаган.
Айта кетсек, Ислам Каримов Өзбекстан эгемендүүлүккө ээ болгондон тарта, өмүрүнүн соңуна чейин аталган өлкөнү башкарып келген.