ЖЫЛНААМА, 1-НОЯБРЬ: Адамдарга бактылуу болууну үйрөтүп, бирок өзү бактысын таба албаган Дейл Карнеги 62 жыл мурун каза болгон

Пикир алышуу теориясынын "атасы" саналган, америкалык педагог, психолог, жазуучу Дейл Брекенридж Карнеги 1888-жылы 24-ноябрда АКШнын Миссури штатында жарык дүйнөгө келген. Ал ийгиликтүү жана эч кандай маселесиз пикир алышуу тууралуу өзүнүн жеке концепциясын иштеп чыккан. Психологдун эмгектеринин жарык көргөнүнө көп убакыт болгону менен алар азыркы күнгө чейин өзүнүн популярдуулугун жана актуалдуулугун жоготпой келет.

Ораторлук өнөргө болгон кызыгуу Карнегиде мектеп жашында эле башталган. Мугалимдер анын адам менен пикир алышып жаткан учурундагы коммуникабелдүүлүгүн, дискуссияны кызыктуу жүргүзөрүн байкашкан. Мектепти аяктаган соң ал алгач кат-кагаз ташуучу кызматкер, Нью-Йорк шаарындагы маданий жайлардын биринде актёр болуп иштеп, өзүнүн жан дүйнөсү каалаган жумушту аткаруу мүмкүнчүлүгүнө жетпей көп жүрөт.

Мындан соң Карнеги ораторлук чеберчилик менен олуттуу алектенүүнү баштайт да, Уорренсбергдеги педагогикалык колледжге тапшырып, өтүп кетет. Колледжде окуган 600 студенттин ичинен Дейл менен бирге 6 студент шаардан баш калкалоочу жай таппай кыйналышат. Дейл Карнеги күнүгө окуу жайга ат менен 6 чакырым жерди басып, келип кетип окуп жүрөт. Ал окуусунан алган билиминин үстүнөн иштөө үчүн убакыт болбогондуктан, фермадагы жаныбарларга сүйлөп жатып өзүнүн ораторлук чеберчилигин өстүрөт.

Карнеги үй-бүлөсүнүн жакырдыгына абдан арданчу. Өзүнө тар болуп калган күрмө, багалеги кыска келип калган шымдар... Мындай абал аны өзү тандаган тармакта тезирээк өнүгүп, өз жолун таап кетүүсүнө түрткү болгон. Окууну аяктаган соң Карнеги айыл чарбасында чогуу эмгектенген адамдардан угуучу топторду түзүп, ораторлук искусство боюнча сабак өтүп, өнөрүн өркүндөтө баштайт. Кыйынчылыктарга баш ийип калбай Карнеги изденүүсүн улантып, айрым угуучулары жактырган лекцияларын жыйнак кылып чогулта баштайт. Кезеги келгенде ал брошюраларды да чыгарып коюуга жетишет. Алгач ал брошюралар сатылып кетип Дейлди сүйүнтөт. Мындан улам ал өз эмгектерине автордук укук алып, 1926-жылы "Ораторлук искусство жана кызматтык өнөктөштөргө таасир этүүгө көмөк" деген алгачкы китеби жарык көрөт. Ушундан тарта Карнегинин эмгектери дүйнөгө атагы чыккан таасирдүү адамдардын колунан өтүп, атактуулукка жете баштайт. Белгилүү гезиттер Карнеги үчүн атайын бет бошотуп, анын ораторлук искусство тууралуу окуулары байма-бай басылып чыга баштайт. Бара-бара анын ысымы Америкага, жалпы Европага, андан соң бүтүндөй дүйнөгө тарайт.
Жеке жашоосу
Карнеги түрдүү тармакта эмгектенген адамдарга өзүнүн кеңештерин берип турган. Анын үй-бүлөнү кантип сактап калуу керек, аял менен эркектин ортосундагы мамилелер тууралуу эмгектери жарык көргөн. Бирок психолог башкаларга жардам бергени менен өзүнүн жеке жашоосунда бактысыз болгонун көпчүлүк биле бербесе керек. Дейл өзүнүн биринчи жубайы менен ажырашып кеткен. Ал эми экинчи никесинде бактысыз болгон, бирок бул жагдайды ал көпчүлүккө билдирген эмес, анткени ал жазган эмгектер боюнча мыкты үй-бүлөнүн кожоюну болгон.
1955-жылы 1-ноябрда Карнеги Нью-Йоркто көз жумат. Ал ходжкин дарты менен жабыркап жүргөндүктөн, Нью-Йорктогу үйүндө өз өмүрүн өзү кыйган. Сөөгү Миссури штатына коюлган.
1-ноябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bond02
2017-11-01 10:15:24
Бактысы башкаларга отуп кеткен го анда.
0
Girl1996
2017-11-01 10:42:19
Baktyluuluk islamda. Ozu baktyluu bolo albagan adamdy erchip, baktyluu bolom.dep umut kylbagyla!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан