Эстрада жана фольклор ырчысы, "Кыз-жигит сармерден" көрсөтүүсүнүн алып баруучусу Гүлбү Ороскул кызы көзү тирүү болсо бүгүн, 1-ноябрда 41 жашка чыкмак.
Жаңыдан кырктын кырын ашып, небере жытын искеп, бакытка балкып турган мезгилинде шум ажал колдон жулган шайыр жеңе 1976-жылдын 1-ноябрында Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Авлетим айылында төрөлгөн.
1991-жылы Авлетим орто мектебинен 8-классты аяктап, Бишкек шаарындагы Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайына келип тапшырып, 1995-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1996-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырып, 2000-жылы бүтүргөн.
Эки кыздын энеси, белгилүү төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин мурдагы жубайы калың элге өзүнүн "Балама", "Арзуу", "Мажүрүм тал", "Менин өмүр жазым", "Агылам сага", "Ортомчу бизге Ысык-Көл" жана башка ырлары менен белгилүү болгон.
2000-жылдан бери маданият чөйрөсүндө кызмат кылып келген Ороскул кызы кыргыздын ырчы айымдарынан түзүлгөн «Достор» тобунда да ырдап келген. 2015-жылдан бери КТРКнын «Кыз-жигит сармерден» теледолбоорунун алып баруучусу болуп эмгектенген.
Ырчынын кызы Айзуура Иманалиеванын социалдык тармактагы жеке баракчасына жазган эскерүүсү:
"Эне менен бала бири-биринен эч качан ажырагыс болсо...
Таш боор тагдыр биздин көз жашыбызга карабай, сени бизден алып кетти... Жүрөгүм канап, сыздап турам. Сенсиз жашоо ушунчалык караңгы, кызыксыз, супсак экенин жан дүйнөм менен сездим. Жөжөлөрүң жетимсиреп калды...
"Кандайсыңар, кыздарым?" - деп эшиктен жаркылдап кирип келчүдөй карааныңды издейбиз. Чуркап барып жыттап, жүзүңдөн сүйүп, эски күндөрдөй кучакташып жатып алып сырдашкан күндөрдү сагынганымды бир билсең...
Ар дайым жаныбызда жүргөнүңдү билем. Ыйлап жатсам жашымды сүртүп, бооруна кысканыңды туям... Турмуштун оор сыноолорунда ага туруштук берип, бизди бөпөлөп бакканыңды, кабагым-кашым дебей, эшикке чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын жумушун кылганыңды, анын баары биз үчүн экенин билебиз. Эми гана биз сени алаканга салып багар кезде, эмнеге бизди таштап кеттиң?! Ушуну билбей турам...
Эми "тигил жакта" да бизди карап "менин кыздарым" деп сүйүнүп, сыймыктанып тургудай жашайбыз! Кыргыз элиң, уулдарың, кыздарың, неберелериң эч качан жоктотпойт! Сүйкүмдүү элесиң түбөлүккө жашайт!
Сен бул дүйнөдө жок болсоң да жан дүйнөмдүн төрүндө, жүрөгүмдүн түпкүрүндө экөөбүз жолукканча жашайсың!
Туулган күнүң менен, АПАКЕ!"
Эске салсак, Гүлбү Ороскул кызы ушул жылдын 6-октябрь күнү көз жумган. Медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча ырчынын өлүмүнө ашказан оорусу себеп болуп, ичине кан толуп кеткен. 8-октябрда Бишкек шаарындагы Беш-Күңгөй айылында ырчыны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өткөн.