Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт

Президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрга дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге президенттик аппараттан билдиришти.

Маалым болгондой, салтанаттуу иш-чара Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөт. Анда өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, чет өлкөлөрдүн элчилери катышмакчы.

15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбеков 920 миң 626 добуш (54,22 пайыз) топтоп, биринчи турдан уткан.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясы 2011-жылдын 1-декабрында болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан