Бүгүн, 1-ноябрда Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 93 жыл болду. Мындан улам Жогорку Кеңештеги жалпы жыйынынын башталышы менен депутаттар милиция кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктады.
"Кыргыз милициясы ушул 93 жылда тайгак кечүү тар жолдо түрдүү окуяларды башынан өткөрдү. Далай кызматкерлер кылмышкерлердин колунан каза тапты. Бүгүн да ата-бабаларыбыз түптөп кеткен ушул кызматты эр жүрөк биздин атуулдар улантып келе жатат. Дайым аман болуңуздар, ишиңиздерде ийгиликтер болсун", - деди депутат Бакирдин Субанбеков.
Андан кийин сөз алган депутаттар Субанбековдун сөзүн кубатташты.
"Эл үчүн, мекен үчүн кызмат кыла беришиңиздерге тилектешмин. Ушул оор жана жоопкерчиликтүү жумушуңуздарда ийгилик болсун", - деди депутат Таалайбек Масабиров.
Белгилей кетсек, 1924-жылы 1-ноябрда Кара-кыргыз автономдук облусунун революциялык комитетинин чечими менен Кыргыз милициясы негизделген.