65 миллион рубль айлык маянасын ала албай калган Орусиядагы 1500 мигрант элчиликке арыз жазды. Бул тууралуу миграция кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Орусияда биздин өкүлчүлүк Ички иштер министрлиги менен натыйжалуу иш алып барууда. 189 линиясы боюнча ондогон кишилерге жардам көрсөтүлүүдө. Орусияда 65 миллион рубль айлыгын ала албай калган 1500 мигрант арыз менен кайрылды. Биздин өкүлчүлүк жумуш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп 25 миллион рубль өндүрүп берүүгө жетишти. Калган жарандардын кайрылуусу боюнча да аракеттер болуп жатат", - деди Шерипов.
Белгилей кетсек, учурда Жогорку Кеңеште адам сатууларды алдын алуу боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатат.