XXI кылымда рак оорусу менен жабыркагандардын саны күн санап өсүүдө. Дүйнөлүк статистикага таянсак, жыл башынан бери рак оорусу менен 14 миллион адам катталса, алардын 8 миллиону жарык дүйнө менен кош айтышкан.
Бул илдетке кабылгандардын арасында дүйнөгө атагы чыккан белгилүүлөр дагы жок эмес. Жаркын келечекке болгон умтулуусу оорудан да күчтүү болуп, тагдырдын берген сыноосун татыктуу көтөрүп, ооруну жеңген атактуулардын тизмегин сунуштайбыз.
Алып баруучу Салтанат Саматова
Өзүнүн кубулжуган үнү менен көпчүлүккө таанымал болгон алып баруучу Салтанат Саматова рак илдети менен жабыр тартарын 2014-жылы билген. Ал акыркы күндөрү бат чарчап өзүн алсыз сезгендиктен текшерилип көрүүнү чечкен. Томографияга түшкөндө рак оорусу жаңыдан пайда болуп келе жаткандыгы аныкталган. Алып баруучунун өзүнүн айтымында, ал бул илдетке кабылып калганына көп деле кейип, кабатыр болгон эмес, жөн гана бул жагдайды ага берген сыноо катары кабылдап, аны жеңип чыгарына ишенген.
Мындан сырткары Саматова ага бул ооруну жеңген атактуулардын чыгармаларын, билдирген ойлорун окуп көрүүнү көп адамдар сунуш кылганын айтып: "Мен оорум тууралуу жаңылыкты сабырдуулук менен кабыл алдым, бир да жолу ыйлаган жокмун. Бул менин башыма түшкөн тагдырдын сыноосу. Албетте, мен бардык кыйынчылыктарды менин күйөрмандарым, жакындарым жана балдарым үчүн жеңүүгө милдеттүүмүн", - деп билдирди. Үч жылдан бери оору менен алышып келе жаткан Саматованын ден соолугу азыркы учурда жакшы.
Лайма Вайкуле
Атактуу орусиялык ырчы бул ооруга 1991-жылы кабылган. Америкалык дарыгерлер ырчыга эмчек рагы деп диагноз коюшкан. Ал учурда дарыгерлер ырчынын жашап кетүүгө мүмкүнчүлүгү аз экендигин билдиришкен. Ырчы бул илдет анын жашоого болгон көз карашын түп тамырынан өзгөрткөндүгүн билдирип төмөндөгүлөргө токтолгон: "Бул окуя менин жашоого болгон көз карашымды, айланадагыларга кылган мамилемди өзгөрттү. Мен жакындарыма, досторума көбүрөөк көңүл бура баштадым", - деп билдирген ырчы. Вайкуле көпкө созулган дарылануудан кийин кайрадан сахнага кайтып келген. Ырчы илдеттен толугу менен айыккан.
Анжелина Жоли
Белгилүү актриса, голливуд жылдызы Анжелина Жоли 2013-жылдын май айында эмчек рагынан жабыр тартып, ооруну күчөтүп жибербөө максатында операция жасаткан. Актрисанын айтымында, бул оору анын тукумунда бар. Жолинин апасы дал ушул оорудан улам көз жумган. Азыркы тапта актриса оорудан толугу менен айыккан, бирок дайыма дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп турат.
Дарья Донцова
Орус жазуучусу Дарья Донцова бул илдетке чалдыкканын өтө кеч билген. Ал 1998-жылы дарыгерлерге кайрылган маалда алар рак оорусунун 4 даражасын аныкташкан. Жазуучу эскергендей, ошол күнү дарыгердин ага "сиздин үч айлык гана жашооңуз калды" деген сөзүн эч качан унутпай тургандыгын айтып келет.
Көптөгөн убакыт дарыланып, дарыгерден дарыгерге көрүнүп, бейтапканаларды кыдырып, кыйналып жүргөн маалында жазуучу колуна калем алып алгачкы чыгармаларын жарата баштаган. Башында бул жөн гана өзүнүн сезимдери, ойлору менен бөлүшүүнүн ыкмасы болсо, кийинчерээк анын сүйгөн ишине айланган. Оору менен алпурушуп аягында аны жеңген жазуучу азыркы тапта өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, бул илдетке кабылган башка адамдардын да бул оорудан айыгып кетүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар экендигин ишендирип келет.