Адис: "Өспүрүм кыздардын арасында спирттик ичимдиктерге берилгендер көбөйүүдө"

Кыргыз мамлекетинде спирт ичимдигинен көз каранды болгондордун арасында жашы жете элек кыздар да бар. Бул тууралуу өспүрүмдөргө медициналык-психологиялык жана реабилитациялык жардам көрсөтүү боюнча наркологиялык борбордун жетекчиси Ирина Алымкулова бүгүн, 1-ноябрда берген маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары спирт ичимдиктерине берилген кыздардын саны өсүүдө.

"Жашы жете элек кыздардын арасында ичимдикке берилгендердин саны өсүүдө. Алар жашыруун дарылангандыктан так санын айта албайм. Бул абал бизди тынчыбызды алып жатат. Ошондой эле кыздардын арасында үйдөгү химиялык каражаттарды баңгизат катары пайдаланып жаткандар да бар", - деди Алымкулова.

Ал белгилегендей, учурда мээге терс таасир этүүчү химиялык каражаттарды колдонгондор, ичимдикке берилип кеткендердин арасында өспүрүмдөр да каттоодо турат.

"Мээге терс таасир берүүчү клей, кир жуучу порошокту жана башка ушул сыяктуу химиялык каражаттарды колдонгондор бар. Балдардын мындай жолго баруусуна бөгөт коё албай жатабыз. Себеби биз айткан химиялык каражаттар ачык эле сатылат жана ар бир үйдө бар", - деди Алымкулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eli.91
2017-11-01 15:56:29
Эх кече эле 9 класстын кызын коруп жакамды кармадым эле,Кудай эле сактасын,ал кыз чон-энесинин колунда тарбияланат,ата-апасы ажырашып кеткен,суйлошкон жигитине очошуп уйундо турган аракты эчкимге корсотбой ичип алыптыр,андан бир кун откондон кийин билбейм кайжактан ичкенин ачык эле ичип жолдо бутуна туралбай журуптур,тооба кылайын жашоонун ж сын коро элек жатып ичсе кийинкилиги кандай болоор экен?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан