Бүгүн “Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланууда. Анда Жогорку Кеңеште 7-8-ноябрь күндөрүн дем алыш деп жарыялоо боюнча маселе каралууда. Мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда депутаттардын арасында талаш жаралды.
"Биз бул мыйзам долбоорун комитет жыйынында караганда КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов "7-ноябрь - Октябрь революциясынын күнү катары калат" деп айтты эле. Азыр болсо бул жерде бул күн ата-бабаларды эскерүү күнү катары болот деп жатат. Кайсы бири туура?" - деди депутат Исхак Масалиев.
"Мен 7-ноябрь кызыл боюнча майрам катары калат деп айткам. 7-ноябрь Кыргыз тарыхындагы бардык кайгылуу окуяларды эскерүүчү күн болот. Анын ичинде Октябрь революциясынын күнү дагы бар. 1937-жылдагы окуялар, Улуу Ата Мекендик согуштун, акыркы жылдардагы болгон окуяларды эскерүү күнү болот", - деди Иса Өмүркулов.
"7-ноябрь улуу октябрь революциясынын майрамы болуп жатса, кайгылуу окуяларга кошуп эскеребизби?" - деди Масалиев.
Ал эми Төрөбай Зулпукаров "5-май - Конституция кабыл алынган күндү майрамдардын катарынан алып коюуну мен түшүнбөй жатам. Бул кандай болот?" - деп сурады.
Анвар Артыков менен Ирина Карамушкина да мыйзамга каршы пикирин айтышты.
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев бул мыйзамга өзгөртүүлөр киргизиле турганын айтып берди.
"Депутат Дастан Бекешев тарабынан 7-ноябрь, 5-май, 23-февраль күндөрүн алып салуу менен 1-июнду киргизүү сунушталган. Бирок бул мыйзам долбоору кечээ жаңы кошулган демилгечилер менен президенттин жарлыгына байланыштуу 7-8-ноябрь күндөрү гана каларын келишкенбиз. Ал эми Дастан Бекешев мурдагы 7-ноябрь, 5-май, 23-февраль күндөрүн алып салуу менен 1-июнду киргизүү сунушунан баш тартууга макул болгон", - деди президенттин өкүлү Абдылдаев.