Алкоголдук ичимдиктерден көз каранды болгондордун 11 пайызын аялдар түзөт. Мындай маалыматты Республикалык наркология борборунун уюштуруу-методикалык бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Бакирова бүгүн, 1-ноябрда өткөн маалымат жыйында билдирди.
Бакированын айтымында, спирттик ичимдиктерге көз каранды болуп жашагандардын 60 пайызы Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жашайт.
"Наркологиялык каттоого 2016-жылы 33 миң 562 адам турушкан. Анын 80 пайызы алкоголдук ичимдикке берилип кеткендер. Өткөн жылы 24 адам ичимдиктен каза болгон", - деди Бакирова.
Ошондой эле спирттик ичимдикке берилип кеткендерди бул абалдан чыгаруу үчүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана психологдордун жардамы чоң экенин кошумчалады.
"Бизге алкоголдук ичимдикке берилип кеткендердин аялы же ата-энеси келип жардам сурашат. Мындай учурда биз тараптан дарылоо үчүн тийиштүү жардамдар берилет. Бирок аракеч адамга психикалык жардам жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн жардамы чоң таасир берет", - деди ал.