Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды. Анда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков менен "Республика-Ата Журттан" депутат Мирлан Жээнчороев кайым айтышты. Буга 7-8-ноябрь күндөрүн дем алыш деп жарыялоо демилгеси депутаттардын арасында түшүнбөстүк жаратканы себеп болгон. Айрым депутаттар бул мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салууну сунуштаганда, төрага сунушту добушка койбой койгон.
"7-8-ноябрь күндөрү Октябрь революциясы, Үркүн, репрессияга кеткен ата-бабаларыбыз эскерилет. Ошондуктан бул жерде саясатташтыруунун кажети жок. Ушул дата алдыбызда турат. Ошого чейин бул маселени карайлы деген ой", - деди төрага Жумабеков.
Ал эми депутат Жээнчороев бул мыйзам долбоорун күн тартибинен алып туруу боюнча өтүнүч келтиргенин айтып, добушка койбой койгон төраганы сынга алды.
"Мен бул мыйзам долбоорундагы түшүнбөстүктөрдү жолго салуу үчүн бүгүнкү күн тартибинен алып салууну сунуш кылдым. Депутат Алтынай Өмүрбекова да ушундай сунуш берди. Бирок сиз бул сунушту добушка койгон жоксуз. Сөздү сүйлөгөндө бөйрөктөн шыйрак чыгарбай айтсаңыздар, саясатташтырган эч ким жок. Бул керектүү нерсе, мыйзам чегинде кылышыбыз керек. Азыр бузукулук, кошоматчылык менен алып барып, эртең бул боюнча кайрылууга туура келет. Уят да!" - деди Жээнчороев.
"Кайсы депутаттын дарегине айтылды "кошоматчы" деген сөз? Бул жерде эл өкүлдөрү отурат. Эч ким кошоматчылык кылбайт. Ар бир депутат өзүнүн оюн айтканга укуктуу", - деди төрага.
Жээнчороев : "Кошоматчы деген сөздү ким өзүнө кабыл алып жатса, ошого тиешелүү", - деп жооп берди.