Исхак Масалиев: "120 киши Улуу Октябрь революциясынын тагдырын чечип коймок белек?"

Парламентте бүгүн “Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланууда. Анда Жогорку Кеңеште 7-8-ноябрь күндөрүн дем алыш деп жарыялоо боюнча маселе каралууда. Мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда депутаттардын арасында талаш жаралды.

"Биз ушул жерде 120 киши Улуу Октябрь революциясынын тагдырын чечип коймок белек?! 4-5 тарыхый окуяны бир күнгө кошконубуз туура эмес. Баарын унутуп калганыбыз чоң ката. Бул мыйзам туура эмес жол менен келе жатат. "Чачын ал десе, башын кошо алып кетет" деген сөз бар. Ошону токтотолучу. Жаңы майрам киргизгенге каршы эмесмин. Президенттин жарлыгына Масалиев каршы деп жазыптыр. Атамбаевдин жарлыгы өзүнүн укуктарына ылайыктуу болушу керек. Президенттин майрам күндөрүн аныктоого укугу барбы же жокпу? Майрам дегенди Жогорку Кеңеш белгилейт", - деди Масалиев.

"Мен бул күндүн майрамдалышына каршылыгым жок. Бирок 7-ноябрдагы Октябрь революциясынын күнү Кыргыз тарыхынан өчүрүлүшүн түшүнбөй жатам. Быйыл Октябрь революциясынын 100 жылдыгы болот. Бул элдин эркиндигинин, өнүгүүсүнүн символу. Бул күн Октябрь революциясынын күнү катары тарыхта калышы керек", - деди Карамушкина.

7-8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн майрам деп белгилөө боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жиберилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан