Талас шаарындагы А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган фестиваль өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда аталган шаардын вице-мэринин милдетин аткаруучу Жаныбек Исраилов билдирди. Анын айтымында, 1-июнь күнү саат 09:00дө мектеп окуучулары тарткан сүрөттөрдүн көргөзмөсү болот. Андан соң Талас шаардык Балдарга билим берүү борборунун окуучуларынын катышуусунда фестиваль өтөт. Мында ыр, бий, ошондой эле улуттук музыкалык аспаптарда кол ойноткон окуучулардын өнөрлөрү көрсөтүлөт. Ал эми саат 13:00дө, "Кырк чоро" кинотеатрынан балдарга бекер мультфильм көрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.