Өлкөдө орусча аталыштагы бир нече айыл аттарын кыргызчалоо сунушталды

Өлкөдөгү орусча аталыштагы бир нече айылдардын атын кыргызчалоо сунушталууда. Мындай сунуш өкмөт тарабынан көтөрүлгөн.

Мыйзам долбооруна ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагын Боз-Учук айыл аймагы деп өзгөртүп атоо, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагынын Гавриловка айылын Орто-Сай деп өзгөртүү, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Фрунзе айылын Жыгач-Коргон деп өзгөртүү сунушталат.

Демилгечилер бир айылдын аталышын өзгөртүү үчүн 8 миң сом керек болорун айтышты.

Белгилей кетсек, өлкө боюнча Новопавловка, Новопокровка, Красная речка, Орловка, Военно-Антоновка, Беловодск, Садовое, Будённый сыяктуу башка дагы көптөгөн орусча аталыштагы калктуу айыл-кыштактар бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Jazdyn_tany
2017-11-01 17:26:34
Кара Балтада: Вознесеновка, Алексеевка, Петровка, Сосновка, Полтавка, Панфиловка, Садовый, Александровка дагы ж.б.
+9
Eksvp_1
2017-11-01 17:40:08
Өзбөкчөлөрдү да өзгөрткүлө. Навоины - Баяман Эркинбаевке өзгөрткүлө.
+28
Kulatov
2017-11-01 17:41:55
Ошто өзбекче аталыштагы махалалар көп го ошолорду кыргызчага өзгөртүш керек.
+26
evrazia
2017-11-01 18:26:24
Чегараны чечкиле биринчи очретте.жеп жутарлар
+9
MIRBOLOT
2017-11-01 18:27:03
Бизде Түптө Михайловка айылынын атын өзгөртө албай жатышат. Ак-Суу айылы да Теплоключенка деп жазылып турат.
+6
asi.gulum
2017-11-01 18:56:34
Мектептердин атын да өзүбүздүн улуу инсандардан эле коюш керек.
+3
kenjebek_a
2017-11-01 19:41:46
Оштогу Амир Темур мурдагы он адыр озгортуш керек.Анан Ордолуу Ош шаарынын ортосундагы эс алуу багы Алишер Навоинин атында.Аны да кыргызча аташ керек.
+8
Paolo
2017-11-01 19:51:19
Башка кыла турган иш коп кыйраткансып кочолордун аттарын алмаштырабыз дешет туура бул деле туура чечим бирок азыр не до этого
-1
Taalaibek92929
2017-11-01 20:09:48
ХХХХ тургулачы. И так Россия Казахстандагылар аран журушот. Бекерчиликте ойлоп тапканын карасанар. Бир аз убакыттан кийин орусча аталган айылдарды озгортконго 10миллион сом бюджеттен болунду. Деп чыгат ХХХХ
+6
AIZAD
2017-11-01 23:44:29
Taalaibek92929,ошо да!! Эптеп эле шылтоо таап акча ондурмой!! Буга чейин эмне кылып аттынар эле!! Кычаган...
+1
Rozhulun
2017-11-01 22:20:06
Өзгөртүш керек мен кубандым лично
+4
barsbegKG
2017-11-01 22:53:14
Жалал-Абадты дагы Көк-Арт деп өзгөртүү керек. Коммент.чилер туура эмес дем ойлосоңор маданияттуу түрдө жооп жазгыла!
+1
Eksvp_1
2017-11-01 23:09:50
barsbegKG, Туура, кошулам сунушуңа.
0
BekAmir
2017-11-01 23:09:55
Туура, биз эмне учун озубуздун жерде бироого коз каранды болушубуз керек. Кыргыздын чыгаан инсандары толтура, ошолордун ысымына озгортолу
+3
Kroxa
2017-11-02 09:00:55
Атын эле озгортуп койбой ошол Ак суу районундагы айлдарга таза суу маселесин чечип берсенер болмок ойдо жагында мал XXXX кечип журот чон суудан билинбей тарап кетет экен ылдый айыл башталганда арыктан суу ташып ичишет.,сууда болсо малдын XXXX жээктеринде деле дата и сарыгып..ичкендер эмне болушат деген бироо жок...
0
argen.kg4
2017-11-02 09:46:53
Сөзсүз өзгөртүш керек,бирок баарын эмес бир бирден кийинчерээк жарыя кылбай эле өзгөртпөсө орус ммкалары Кыргыздан эмне сөз чыгат экен деп эле андып турушат.Бала чакасын багып жүргөн мекендештерге дагы кыйын болот.
0
admin_superstan
2017-11-02 11:40:41
Taalaibek92929, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан