Маданият министрлигине сунушталган Султан Жумагулов үч жыл мурун Монголия сапарында болгон окуянын чоо-жайын айтып берди

Жогорку Кеңешке маданият, маалымат жана туризм министри кызматына президенттин аппарат жетекчисинин кеңешчиси Султан Жумагуловдун талапкерлиги сунушталды. Талапкерге карата депутаттар суроо беришти. КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев үч жыл мурдагы Монголия сапарына байланыштуу окуянын чын төгүнүнө кызыкты.

"Бул окуяга үч жыл болду. Анда бир аз инцидент болгону чын. Көпчүлүгү фантазия болгон. Мен моралдык жоопкерчиликти моюнума алып, кызматтан кеткем. Мен урушуп-талашып, алар менен соттошкум келген жок. Эгер сиздер ишеним көрсөтсөңүздөр, бул маселе экинчи көтөрүлбөйт. Менин тажрыйбам, жаш курагым мындайга жол бербейт", - деди Жумагулов.

Белгилей кетсек, үч жыл мурун Султан Жумагулов КТРКнын башкы директору болуп турган учурда Монголияга иш сапары менен барган. Ал иш сапарынан кийин анын артынан Жумагуловдун дарегине бир катар сөздөр айтылган. Жыйынтыгында Жумагулов кызматтан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Su.Zeyd_89
2017-11-01 22:44:11
Монголияга барганда эмне кылды эле толугураак маалымат берип аойсонор жакшы болот эле
0
datkayimjan
2017-11-02 12:48:39
Адамдын ичип бышырбай айтып койгулачы. Бир нерсе болуп маскарасы чыккан окшойт эле ээ.
0
admin_superstan
2017-11-02 13:20:58
Nazaroff1974, этика нормаларын сактаңыз.
0
admin_superstan
2017-11-03 10:32:58
Zanzibara, бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга, далили жок жалаа жабууга, кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, анын абийирине, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан