Өмүрбек Текебаевдин ордуна депутат болуп Искандер Гайпкулов келери айтылды

Өмүрбек Текебаевдин ордуна Жогорку Кеңештин депутаты болуп Искандер Гайпкулов келет. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда SUPER.KG порталына "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Искендер Гаипкулов 1966-жылы 25-мартта Араван районунун Мангыт айылында туулган. Ал 2007-2009-жылдары Эсептөө палатасынын төрагасы болуп эмгектенген.

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алды. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, Конституциянын 73-беренесине ылайык, соттун чечими күчүнө киргенден кийин 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен аталган комиссия Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча чечим кабыл алышы керек.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-августунда Биринчи Май райондук соту Текебаев менен Чотоновду 8 жылга эркинен ажыраткан. 2-октябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган. 24-октябрда жактоочу Чынара Жакупбекова Текебаев боюнча соттордун өкүмүнө каршылык билдирип, Жогорку Сотко доо арыз менен кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан