2-9-сентябрь күндөрү Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын көркөм окуу жумалыгы өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда аталган шаардагы “Замандаш” ассоциациясынын өкүлү Руслан Эшимов Бишкекте журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда билдирди. Маалым болгондой, бул күндөрү улуу жазуучунун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалар көрсөтүлөт. Р.Эшимовдун айтымында, иш-чараны өткөрүү үчүн Ростов облусунун администрациясы 40 миң рубль бөлүп берген. Айта кетсек, жумалык Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналып өткөрүлмөкчү.