"Элдик кабар" рубрикасына окурман Баткен облустук ооруканасындагы төрөт бөлүмүнүн абалын сүрөт-видеого тартып жөнөткөн. Видеодон төрөт бөлүмүндөгү таракандардын өтө көптүгүн көрүүгө болот.
"Төрөт бөлүмүн таракан каптап кеткен. Биз түнкүсүн уктагандан, жаңы төрөлгөн ымыркайларды чечинтип, кайра орогондон кооптонуп жатабыз", - деп жазган ал.
Бул боюнча Баткен облустук ооруканасынын жетекчисинин дарылоо иштери боюнча орун басары Абдилазиз Асанов учурда көйгөйдү жоюу аракеттери жүрүп жаткандыгын билдирди.
"Бизде ар бир шаршемби күндөрү оорукананын бардык бөлүмдөрүндө тазалоо иштери жүргүзүлүп, курт-кумурска, таракан сыяктуу жандыктарга каршы каражаттарды себебиз. Бирок көпчүлүктү башкаруу оңой эмес, ошол жаш энелер өздөрү палатага тамак-аш алып кирип жейт, калдыктары түнкүсүн калып калат. Ага таракан келет. Санитаркалар тазалап эле жатат, бирок укпаган да бейтаптар көп", - дейт Абдилазиз Асанов.
Ошондой эле анын айтымында, бул кабар жарыялангандан кийин облустук санитардык-эпидемиологиялык станциянын кызматкерлери менен биргеликте оорукананы текшерүү иштери жүргүзүлгөн.
"Бул кабардан кийин биз оорукананын жетекчилиги менен бардык бөлүмдөрдү, палаталарды текшерүүгө алдык. Чынында видео бизден тартылганын тааный алган жокпуз, таракан жок дебейм, бар. Эми тараканды такыр жок кылуу үчүн бүтүндөй оорукананы дезинфекциялап, 2-3 күнгө оорукананы жабуу керек. Бирок мындай мүмкүнчүлүк бизде жок, анда бейтаптар кайда барат? Ошондуктан биз мындан ары да адамдарга ыңгайсыздык жараткан курт-кумурска, майда жандыктарга каршы каражаттарды колдонуу менен аларды азайтуу аракеттерин көрөбүз", - деп кошумчалады Асанов.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин жетекчиси Төлөн Исаков бул боюнча тиешелүү кызматкерлерге тапшырма берилерин айтат.
"Бул жерде медициналык мекемелердин тазалыгына жетекчилери жоопкер болуп, иш-аракеттерди көрүш керек. Ушундай зыяндуу жандыктарга каршы дезинфекциялоо кызматтары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек. Эгер жетекчилер ошондой таракандарды көрүп туруп аларга каршы аракет көрбөсө, анда аларга чара көрүлөт. Ал эми бул боюнча абалды мен өзүм көзөмөлгө алам", - деди Исаков.