СУПЕРСТАН: "Орусияда иштеген кыздарды жыргап жүрүшөт деп ойлошот"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Орусияда иштеген кыздарды жыргап жүрүшөт деп ойлошот" деген тема талкууга алынган.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен Орусияга 18 жашымда келгем, быйыл 23кө чыгам. Ата-энеме, эжеме, байкеме жардамдашып, эми өзүмө убакыт келди. Окууга тапшырууга мүмкүнчүлүк болгон жок. 9-классты бүтүп, чач-тарачтын окуусун окудум. Москвада кыйналып иштеп эми бардык нерсеге көндүм. Январда Бишкекке эс алганы барсам, канча акча табасың, турмушка качан деген суроолорду берип тажатышты. "Москвада жыргап жүрөсүң, акчага көп" дешет. Чынында окугум келет, келечекте жакшы инсан катары калгым келет. Айтарым - Москвада баары эле бузулган адам эмес. Мен да бактылуу жар, бактылуу эне болгум келет".

"Москвага кетти, болду бузулуп кетти; жүрөт тажик, азер, түрктөр менен" дешет. Бирок түз жүрүп мээнет менен иштеп, үй-бүлөбүзгө жардам берип жүрөбүз. Бузулуп кетүү адамдын өзүнөн, келечегин ойлогон адам өлүп баратса дагы андай жолго барбайт".

"Беш кол тең эмес да. Мен үй-бүлөм менен 3 жыл жүрүп келдим. Келип айылга барсам, "Москваны көргөн кыз да" деп көздөрүнүн кыры менен караган кошуналарды көрүп тобо дегем. Бузулду деп ойлошкону кийин жеткен мага..."

"Таза экениңди Кудай билсе болду да".

"Мен чынын айтайын. Кыздар, чычалабагыла. 2008-жылдан бери Орусияда курулушта иштейм. Түрктөрдүн көпчүлүгү кыргыз кыздар менен жүрүшчү. Өткөндө да метронун жанынан түрк менен кыргыз кыз өбүшүп учурашып жатканын көрдүм. Түрктөргө кыргызмын деп таанышсаң эле кыздар менен тааныштыр деп чыгышат".

"Айрым жеңил ойлуу кыздарды көрүп баары эле ошентип жүрүшөт дегендин өзү туура эмес. Намысты ойлогон, арканды узун таштаган кыздар бир жакшынакай эле болуп иштеп, үйүнөн жакшынакай болуп узаган кыздар бар. Жеңил жашоону тандагандар, башкасы аны өзгөртө албайт. Тытынып иштеген кыздарды көрүп жүрөбүз го".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aima94
2017-11-01 20:20:12
Ооо менин темам го)
0
gulu8177
2017-11-01 20:58:02
Менда кошулам баары эле бирдей эмеско иштеп акча таап уй булосуун баккандар да бар анча мынча эркектерге караганда биздин кыздар кучтуу алар ойлогондон алыспыз кудайга шугур! Ыйманы ынсабы жогору кыздар да ото коп иштешет Москва шаарында озун жакшы алып туз журсо баардык ийгиликтерге жетишери анык ошондуктан биздин айым кыз келиндер башка улуттун кыздарына карганда алда канча тын иштемчил жана акылдуу мен ар дайым колдоймун жакшы жакттары ото коп.
+3
maratbek88.88
2017-11-01 23:00:16
gulu817,оа созуно кошулам бирок женил ойдо ойноп жургондорда барда аз ошончо таза жургондорду жаман атту кылып
0
barakcha
2017-11-01 22:26:34
Орусияда иштегенге чон эрдик керек.Жетпегендер ушундай ушактарды чыгара беришет.Мышык майга жетпей сасык дептир дегендей эле да.Москвада иштегендер бир эле уй-булосун эмес,бутундой кыргызстанды багып келе жатышат.Ошондуктан ал жакта жургондорго жаман тилинерди тийгизбегиле!
+3
Nazaroff1974
2017-11-01 22:48:04
Бир карын майды бир кумалак чиритет.Албетте тынымсыз тирилик деп иштеген кыздарыбыз толтура ыймандуу.Ошолорго кээ бир ою жок,тентимиш акмактар кара коо жаап жатпайбы.Коруп атпаймбы,бвйкуштарды даже ичимен сызып аяп кетем,оор жумуштарды аткарып журушот,сааты кооп.Бир аз уктаганга аран жетишет кечинде,кайдагы суйуу,убакыттары жок ага.Баары кылгылыкты саналуу арамза,мурдагы......сатып жургон,соодасы токтоп калган,эч жерге батпаган,анан Россияга зыт койгон женил ойлуу акмактар кылып жатышпайбы.
+5
Nazaroff1974
2017-11-01 22:59:49
Ошондуктан баары эле кыздар байкуштарыбызды куноолой бербеш керек.Адал мээнет менен кыйынчылыкта тыйын-тыпыр таап журушот.А жанагылар дегеним жакында эле 4-5 факт болбодубу.Конечно алар элге кенен жайыла элек.Бирок жарыя болот.Ошондуктан жону жок куноологонду токтотолу,ар бирибизде эже-карындаш бар.Кудайым ыйман,ден-соолук,жакшылык,ырыскы,бакыт,амандык насип кылсын бардык боордош мигрант кыргыздарга.Аман-эсен мекенинерге кайтуунарга кудайым насип этсин.
+2
Kroxa
2017-11-02 08:55:49
Кудай сактасын кызым да озум да Москвада иштейм....бирок жаш кыздар эле эмес 40 ка жакындап калган аялдар куйоолору жок келип иштеп жыл айланбай куйоо таап алышат экен..бироону точно билем куйоосу бир уулу менен оокат кылат айлда кыздары студент...озу Москвада "иштеп"журот 2 жыл болду куйоосуно баргысы жок..
0
Aima94
2017-11-03 02:39:07
Kroxa, Алардын саны көп. Эсептеп бүтө албайсың! Аманчылык баарыбызга аман эсен эртээрек үйгө баралы)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан