Айлык маянасы кыскарганына байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча илим-изилдөө институтунан 17 кызматкер жумуштан кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган институттун башкы дарыгери Артур Жуманазаров билдирди.
Ал дарыгерлер жумуштан өз каалоосу менен арыз жазып кетишкенин белгилеп:
"Эки ай мурун төлөмдөрдүн жаңы системине өткөндүгүбүз үчүн маяналар азая түштү. Мурун 18-20 миң сом айлык алгандар 8-10 миң сомдон алып калышкан. Ошондуктан айлыктар азайгандан бери өз каалоосу менен арыз жазып кетип калышты. Албетте, баары эле эмес, айрымдары турмуш шартына байланыштуу кетишти. Азыр айлык 5 миң сом, 3 миң сом атайын эсептен которулуп берилет. Кээ бирлери Кант шаарында, бири Кара-Балта шаарында жашаса, бул акча жетпей калат да. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу аркылуу бул маселени азыр чечип жатабыз", - деди Жуманазаров.