47 жылдан бери жол кыймылын көзөмөлдөгөн унаалар (фото)

1924-жылы 1-ноябрда кыргыз милициясы негизделген. Ал эми 1936-жылы жолдогу коопсуздукту көзөмөлдөөчү Мамлекеттик автоинспекция түзүлгөн. Бул кызмат түзүлгөнгө чейин Ош-Фрунзе-Нарын унаа жолу оңдолгон эле. МАИ стратегиялык маанилүү жолдордун жана унаалардын абалын көзөмөлдөп турган.

1960-жылдан баштап МАИ посттору курулуп, жол эрежелерин үйрөтүүчү чакан мектептер иштей баштаган. 1970-жылдары Фрунзе жана Ош шаарларында жаш инспекторлор кыймылы ишке кирген.

Бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 93 жыл болду. Мааракенин алкагында жол кыймылын көзөмөлдөгөн унаалар көргөзмөгө коюлду. Алардын арасында мотоцикл, Москвич, Жигули, ВАЗ, Волга жана Рено бар.

1. 1960-жылдагы Мамлекеттик автоинспекция кызматындагы мотоцикл.

2. 1970-1990-жылдардагы автоинспекциянын унаалары.

3. 2000-2010-жылдардагы Мамлекеттик автоинспекция жана Жол кайгуул кызматынын унаалары.

4. 2016-жылы Жол кайгуул кызматы менен кайгуул күзөт кызматы бириктирилип, Патрулдук милиция башкармалыгы түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Fidel
2017-11-02 01:09:11
Ошондо омур бою орустардын машинасында журот экенбиз да, Европа США Япония алыш керек машиналарды качество и комфорт лучше
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан