ЖЫЛНААМА, 2-НОЯБРЬ: Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 41 жашка толду

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 1976-жылы 2-ноябрда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Сатыкей айылында төрөлгөн. Ал 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Жумабеков 2002-жылы Кыргыз Республикасындагы түрк компаниясынын "Баямташ ЛТД" өкүлчүлүгүндө коммерциялык директор болуп иштеген. Ал эми 2005-2007-жылдары бельгиялык "КАSI трейнинг" ишканасында башкы менеджер, 2007-2009-жылдары "ЯКАД" ЖЧКсында башкы директор болгон. 2009-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин механикалаштырылган көчмө отрядынын башчысы болуп эмгектенген.

Дастан Жумабеков саясатка 2010-жылдан кийин аралаша баштаган. Ал 2010-жылы "Ата-Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты болуп келген. 2014-жылы май айынан тартып Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынын лидеринин орун басары болгон. 2015-жылы июнь айында Жогорку Кеңештин "Ата-Журт" фракциясынын лидери болуп шайланган.

2015-жылы "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылыштагы депутаты болуп шайланган. Ал 2017-жылдын 25-октябрында Жогорку Кеңештин төрагасы болуп дайындалды.

2-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан