КҮНСЕРЕП: Казак Кыргызды суукта көмүрсүз калтырабы?

Бүгүн, 2-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Кыргызда аялдардын коомдогу ролу, жетекчилик кызматтарды ээлөөгө укуктары "оорулуу" темалардын бири. Ишкер Бабур Тольбаев маек куруп жатып бул маселени козгоп өтөм деп коомчулуктун кескин сындоосуна кабылды. Анын аялдар тууралуу айткан пикири акыркы 3 күн бою социалдык тармактарда кызуу талкууда. Тольбаевдин “феминизм - бул терроризм, радикалдашуунун бир формасы”, “аялдардын лидер болууга умтулуусу былжырак кеп”, жашы 35тен өткөн жесир, ажырашкан аялдардын басымдуу бөлүгү экинчи аял болууга макул”, “кыздар үчүн жетекчи даражасына жетүүгө эң жакшы жолу - бул күйөөгө тийип бала төрөө, үй чарбасы менен алектенүү, бала багуу” деген сөздөрү катуу сынга алынды.

Тольбаев аялдардын намысына шек келтирчү пикирди айткан алгачкы башы көрүнгөн адам эмес. Мыйзам чыгаруучу бийлик бутагы Жогорку Кеңеште да мындай окуялар болуп турат. Парламенттин 14-апрелдеги жыйынында КСДП фракциясынан депутат Анвар Артыков “Ата Мекенчи” Аида Салянованын оозун жабууну талап кылган. 25-августтагы Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн курамы жана программасы каралып жатканда депутат Наталья Никитенко ("Ата Мекен") кесиптештерин эч нерседен коркпой суроолорду берүүгө жана декоративдик парламент болбоого чакырган. КСДПдан депутат Мурадыл Мадеминов Никитенкону “декоративдик өсүмдүк” деп кемсинткен. Эки учурда тең Жогорку Кеңештин төрагасы эркек депутаттарды сабырдуулукка чакырымыш болуп тим болгон. Зал толо эркектердин арасынан айымга кыйкырба деп "оозун жаап", тартипке чакырып коё турган мырза табылган эмес. Мунун баары журналисттердин көзүнчө болгон, байкалбай калган учурлар мындан да көп экени талашсыз.

Тилекке каршы, Кыргыз өлкөсүндө аялдар зордук-зомбулуктун сексуалдык, моралдык жана физикалык түрлөрүнө, ала качууга, жана башка кордуктарга кабылып келишет. Кыргыз мамлекетинде аялдар тийиштүү деңгээлде корголгон эмес. Жашоо-шартка байланыштуу бүгүнкү күнү айымдар эркектер менен теӊ жарыша иштеп, айрым учурда эркектердин ишин аткарып жатышат. Өз аракети жана билим деңгээли менен жогорку мамлекеттик кызматтарды ээлеген аялдар да бар. Мисалы, Жогорку Сотту, Башкы прокуратураны, Билим берүү жана илим министрлигин, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигин бүгүнкү күндө аялдар башкарат. 2010-жылы өткөөл мезгилде оор жүктү Роза Отунбаева моюнуна алган. Ошондой эле жеке компанияларды түзүп, бутуна тургузуп, жамаатты жетектеген кыз-келиндер четтен табылат. Бирок Кыргызда аялдарды лидер катары көрө албаган коомдун ар түрдүү катмарындагы эркектердин айынан гендердик сый-урмат жетиштүү деңгээлде эмес...

Кыш мезгилине бир ай калганда Жогорку Кеңеш өкмөттүн даярдыктары боюнча отчётту укту. Жогорку жакта Казакстан менен мамиле бузулуп, бул маселе качан чечилери белгисиз болуп турган чакта, быйылкы кыш Кыргызга жагымсыз "сюрприздерди" тартуулашы мүмкүн. Негизги күтүлчү көйгөйлөрдүн бири көмүр маселесинде болууда. Кыргыз казакстандык көмүрү жок калса, кыштан чыгуусу кыйындайбы?

27-октябрда Казакстан көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салган. Буга байланыштуу 31-октябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Бишкектеги Жылуулук электр станция борбору жергиликтүү көмүргө өтөрүн билдирген. "Бүгүнкү күндө Бишкектеги ЖЭБде 257 миң тонна көмүр жана 4800 тонна мазут бар. Мындай көлөм эки айга жетиштүү", - деп, вице-премьер бир-эки айдын ичинде казак тарап менен кырдаал оң жакка өзгөрөрүнө үмүтүн жашырган жок. Кечээ жана бүгүн Казакстандан көмүр келе баштаганы белгилүү болду. Бирок азырынча болгону 15 вагон, бардыгын эсептегенде ашып кетсе 1 миң тонна көмүр чыгат. Макулдашууларга ылайык, Казакстандан Бишкектеги ЖЭБге жалпысынан 450 миң тонна келиши керек. Коңшу өлкөдө көмүрдү экспорттоого тыюу салынганга чейин бул көлөмдүн төрттөн бири ташылып келгени айтылган. Ал эми азыркы ноябрь айынын ичинде жалпысынан 100 миң тонна келери күтүлүүдө. Кыргыз-Казак мамилесинде жаралган кризис чечиле электигин эске алсак, көмүрдүн да келиши күмөн. Бул аралыкта эки өлкөнүн чек арасында турган жүк ташуучу унаалардын кербени узаргандан узарып эле бара жатат...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан