ӨКМ: "4-5-ноябрь күндөрү өлкө аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт"

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бүгүн, 2-ноябрда билдирген маалыматына караганда, 3-4-5-ноябрда аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

"3-ноябрда күндүз кээ бир райондордо, 4-5-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 18-23 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөп, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -13...-18°, күндүз -2...-7° суук болушу күтүлөт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл-чарба, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан