Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Кыргыз мамлекетинде күз-кыш мезгилинде электр энергия маал-маалы менен өчүрүлбөй турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-ноябрда парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, учурда ГЭСтердин абалы туруктуу.
КСДП фракциясынан депутат Төрөбай Зулпукаров өлкөнүн түштүк аймагында көмүрдүн баасы жогору экенин белгиледи. “Өткөндөгү жыйында өкмөткө көмүрдүн килограммынын баасы 9-10 сом болуп кымбаттаганы боюнча кайрылгам. Өкмөт аракет кылып бааны 6-7 сомго төмөндөттү. Бирок мындай баа деле кымбат. Былтыр көмүрдүн килограммынын баасы 4 сом болгон”, - деп Зулпукаров Зилалиевге кайрылды.
Зилалиев билдиргендей, 2-3 жыл мурда түштүктө көмүрдүн баасы туруктуу болчу. “Биз 2-3 жуманын ичинде анализдеп бааны түшүрөбүз”, - деди вице-премьер-министр.