Жогорку Кеңештин жыйынында телефон аркылуу сүйлөшкөн чиновник депутаттан кагуу жеди

Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында телефон аркылуу сүйлөшкөн чиновник "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевден кагуу жеди.

шул жерде өкмөт мүчөлөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, электр тармактарынан кызматкерлер отурат. Бир тартипти айтып түшүндүрүп койсоңуздар. Мен сүйлөп жатканда "Жалал-Абад электр" ишканасынын башкы инженери телефон менен сүйлөшүп отурат. Бул эмне деген мамиле? Же телефонун таштап келсин, же башкача чараларды карагыла. Бул жерге депутаттардын алдына келгенден кийин аларды сыйлап, жакшына отуруп, жакшына уксун сөздөрдү", - деп талап кылды Төрөбаев.

Чиновниктин бул кылыгы үчүн вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев депутаттардан кечирим сурады.

Айта кетсек, бүгүн Зилалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыктар боюнча маалымат берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nursultanbek
2017-11-02 11:25:54
Торобаев катуу баштапсын эркек ушунундан жазба.
0
Nargiza1987k
2017-11-02 11:27:19
Иии кыжырымды гана келтиретда телефонун таштатпай эле 《 чык эшике 》 дебейсинерби
-2
Belek2070
2017-11-02 15:56:05
Nargiza1987k, )) ошону айтсан чык эшике деш керек мындайлады.
0
rysik79
2017-11-02 11:34:09
Торобаев премьер бабанов президент да))))))
+3
baisogur
2017-11-02 11:41:02
rysik79,)))жаман эле болдуда 15-октябрьда президент Бабанов болот )))
+6
isabek1977
2017-11-02 11:38:01
Премьер министр болсо жан койчу эмес экен
+1
Leilona
2017-11-02 12:27:36
Кыргыз грамматикасында "жакшына" деген соз жок! "туз отуруп, туз кенешип" келетели десе болмок!!!
+4
barakcha
2017-11-02 13:58:42
Leilona,Сокеден уйронду да.
+4
Belek2070
2017-11-02 15:57:53
barakcha, кыргыздын кедей граматикасыны жаны создор менен байытуу керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан