Өлкөдө кышка карата даярдык көрүүгө бюджеттен 2 миллиард 200 миллион сом бөлүндү

Өлкөдө кышка карата даярдык көрүүгө республикалык бюджеттен 2 миллиард 200 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымында, 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүүгө бюджеттен 3 миллиард 41 миллион 700 миң сом каралган. “Быйыл Токтогул ГЭСинде суу мол топтолгондуктан коӊшу өлкөлөргө электр энергиясын экспорттой баштадык”, - деди Зилалиев.

Ошону менен катар вице-премьер-министр “Акылдуу эсептегичтерин” орнотууга өзгөчө көӊүл бурулуп жатканын белгиледи. “Бул маселе боюнча айрым кыйынчылыктар да жок эмес. “Акылдуу эсептегичтердин” маркасы менен программалары ар түркүн болгондуктан аларды бир тутумга бириктирүүдө кыйынчылыктар жаралууда. Ошондон улам электр эсептегичтерди өзүбүздө чыгаруу чараларын колго алганы турабыз”, - деди ал.

Парламентте күз-кыш мезгилине карата өлкөнүн экономика тармактарын жана калкын даярдоо боюнча талкуу улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан