“Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянова Нарын облусундагы бала бакчаларда балдар сырткы кийимдери менен отурушканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-ноябрда парламент жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бала бакчаларда бөлмөнүн температурасы 17-18 градус болушу керек. Аида Салянова билдиргендей, аталган облустагы бала бакчаларда бөлмөнүн температурасы 3-4 градус болууда.
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жергиликтүү бийликтин иши экенин белгиледи.
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Касен Азизов 3-4 градус болгон температура былтыр байкалганын билдирди. “Учурда бала бакчаларга көмүр түшүрүлдү. Быйыл жылуу болушун көзөмөлгө алабыз”, - деди Касен Азизов.