Экотехинспекция: "Арстандын баласын багып жүргөн жаран белгисиз адамдан 2 миң долларга сатып алганын айтууда"

Бишкекте арстандын баласын багып жүргөн жаранга административдик протокол түзүлүп, 1000 сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын Биоресурстарды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Шухрат Жолдошев билдирди.

Анын айтымында, арстандын баласын өз алдынча багып жүргөн жаран 1-ноябрь күнү милицияга өзү кайрылган.

Ал жаран арстандын баласын 27-октябрь күнү белгисиз адамдан 2 миң долларга сатып алганын айтууда. Негизи биздин өлкөдө арстан кездешпейт. Караколдогу зоопаркта бирөө бар. Эл аралык СИТЕС конвенциясы боюнча жапайы, жоголуп кетүү коркунучундагы жаныбарларды эл аралык алып-сатууда ага тиешелүү документтер талап кылынат. Бирок ал жаранда эч кандай документ болгон эмес. Мындан улам 5 айлык арстандын баласы өлкө аймагына аткезчилик жолу менен алып келингенин айтсак болот”, - деди Шухрат Жолдошев.

Ошондой эле Жолдошевдин билдиришинче, арстандын баласы Караколдогу зоопарктын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
sakuna
2017-11-02 13:57:16
Арстандын ээсине айып салып, зоопарккада акчага саттыда ээ
0
iasin
2017-11-03 23:39:11
Чоңойгондо анын курсагын тойгузуш үчүн эмне деген эт керек. Эшектин этин берейин десең ал эшегиң да түгөндү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан