Канат Керезбеков Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин төрагасы болду

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп Канат Керезбеков (КСДП) шайланды. Депутаттар жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Керезбековду 106 добуш менен комитет төрагалыгына дайындашты. Добуш берүүгө 106 депутат катышкан. Буга чейин бул кызматта депутат Асел Кодуранова төрагалык кылган.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагалыгына Дастан Жумабеков ("Кыргызстан") шайланып, анын орун басары Данияр Төлөнов да бир фракциядан болгондуктан Төлөнов өз каалоосу менен кызматынан кеткен. Анын ордуна вице-спикер болуп 1-ноябрда КСДП фракциясынан Асел Кодуранова шайланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан