"Чырактары талкаланган көчө", "Кыйраткыч күч" жана башка орустардын белгилүү телесериалдарында роль жараткан актёр Сергей Кудрявцев кечээ, 1-ноябрда көз жумду. Бул тууралуу ал иштеген театрдын кызматкерлери маалымат таратышкан.
Белгилүү болгондой, актёр 56 жаш курагында Орусиянын Санкт-Петербург шаарында узакка созулган оорудан улам каза болгон. Бирок оору жөнүндө кенен маалымат айтылган эмес.
Актёр менен коштошуу зыйнаты 3-ноябрда Ленсовет атындагы академиялык театрда өтөт.
Сергей Кудрявцев 1961-жылы 21-сентябрда Эстонияда туулган. 1981-жылдан бери театр жана кино тармагына аралашып, бир канча белгилүү сериал жана тасмаларда образ жараткан.