Бишкек шаарынын Октябрь районунда үй-жайсыз адамдар үчүн ачылган жай кайрадан ишке кирди. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
"Үй-жайсыз калган адамдар үчүн ачылган жерде жашоо үчүн бардык шарттар түзүлгөн жана келгендерге бир маал ысык тамак берилет. Ошондой эле Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан тартип көзөмөлгө алынып, ооруп калгандарга медициналык жардам көрсөтүлүп турат", - деп жазылат маалыматта.
Мындай жайлар Бишкекте жылда күз айларында ачылып, кайрадан жазында жабылат.