Жогорку Кеңеште педофилдердин жазасын күчөткөн мыйзам жактырылды

Бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңеште педофилдердин жазасын күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.

Мыйзам долбоорунда балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн жаранды өмүр бою билим берүү тармагында иштөө укугунан ажыратуу сунушталган. Демилгечилер билдиргендей, жабырлануучунун ата-энеси арыз жазбай же болбосо элдешүү жолу менен арызын алып салышы мүмкүн. "Педофилдерге карата жабырлануучунун арызы болбосо деле кылмыш ишин козгоо укугун тергөөчүгө же прокурорго берүү демилгеленүүдө", - дешет долбоордун авторлору.

Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери “Ата Мекен” фракциясынан депутаттар: Аида Салянова, Наталья Никитенко, КСДП фракциясынан депутаттар: Карамат Орозова, Элвира Сурабалдиева, “Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев, “Бир Бол” фракциясынан депутат Акылбек Жапаров, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Исхак Масалиев жана эркин депутат Жанар Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Adik043
2017-11-02 15:30:58
Аааз дагы кучотуш керек
0
nematovich.90
2017-11-02 15:58:19
Камакка алып 1жылдан кийин тукумдарын кесип салыш керек. Эгерде 2же андан ашуу кылмыш болсо ХХХХ дагы кечип салса жакшы болмок
0
Saidochka
2017-11-02 17:00:31
Билим беруу тармагында иштебеген эле канча педофил журот,мына ошолордун жазасын жазбайсынарбы,балким ал кылмышкер эч качан мектепте же бакчада иштоону оюна да келтирбегендир,ошолорго кандай жаза колдонулат?
+1
rysik79
2017-11-02 17:18:57
Дуйно жузундо эн жумшак жаза бизде болуш керек бул кылмышка олум жазадан башка окум жок. Бала кызынар болсо ушул окумду колдомоксунар
+1
Nazaralikarakulja
2017-11-02 22:11:22
Алардын барынан жогу жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан