БШКнын төрайымы: “Самара.кг” сайты шайлоонун жыйынтыгына эч кандай таасир тийгизген жок”

“Самара.кг” сайты шайлоонун жыйынтыгына эч кандай таасир тийгизген жок”, - деп бүгүн, 2-ноябрда журналисттерге Борбордук шайлоо комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Шайлдабекова "самара.кг" айрым штабдардын ойлоп тапкан системи болушу мүмкүн экенин айтты. "Шайлоо жыйынтыгы добуштарды колго саноонун негизинде чыгарылат. Добуштарды саноо эч кандай тышкы таасирлерге кабылган жок деп дагы бир жолу кайталайм”, - деди Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, жергиликтүү "клооп.кг" сайты президенттик шайлоодогу үгүт учурунда шайлоочулардын жеке маалыматтарын чогулткан делген "Самара" системи боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп, 26-октябрда макаланы жарыялаган. "Бир ай ичинде Мамлекеттик каттоо кызматынын серверинде "самара.кг" деген сайт камтылган экен. Бул сервер аркылуу бардык Кыргыз жарандарынын жеке маалыматтарын (паспорт номери, жеке идентификациялык номер, биометрикалык маалымат) табууга мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүк президенттикке талапкердин үгүт иштеринин жүрүшүн кыйла жеңилдете алат", - деп жазылат макалада.

"Клооп.кг" сайты "Самара" системи боюнча журналисттик иликтөөсү жөнүндө макаланы төгүнгө чыгаруудан баш тартканына байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы сотко арыз менен кайрыла турганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан