SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Аялым жийиркенчээк" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Аялым базардан эт алып келгенде аны дароо жууйт, ал этти жууп жатып кечке изилдейт. Мен жеген идишке тамак салып жебейт. Мен эле эмес балдардын кашыгына, идиш-аягына тамак жебейт. Мурун көңүл бурчу эмесмин, акыркы күндөрү кыжырым келип жатат. Күнүнө 2-3 жолу жуунат, ошончо жолу ич кийимин алмаштырат. Эми, албетте, тазалык деп коёт муну, бирок менден жийиркенеби деген ой келе берет".
"Бардык нерсенин ашыкчасы жакшы эмес. Тазалык жакшы нерсе, бирок мынчалык болбош керек деп ойлойм. Анча-мынча нерсеге көп маани бербей деле койгон жакшы экен".
"Жуунган такыр жакпайт мага. Жумасына бир жолу мончого барам".
"Менин аялым конок келерден 1-2 күн мурун үйдү арчалап "тытып" чыгат. Бирок жакшы тосот. Конок кеткенден кийин кайра үйдү тазалайт".
"Менин күйөөм жазган жокпу ушуну? Башкаларга жаман көрүнөт, бирок өзүңө билинбейт. Мен дагы самынымды бирөө колдонсо, ыргытып салам".
"Башка бирөөнүн идишине тамак ичпей коюу жийиркенгендик эмес деп билем. Мисалы, мен деле башка бирөөнүн идишине жуубай тамак ичпейм. Жумуштан келсең май жыттанып, үй жыйналбай тургандан көрө таза болгон жакшы эмеспи".
"Эгер жумуштан келсем үй жыйналган эмеспи, болду ошол күнү нерв "ойноп", карындашымдын мээсин чакмай башталат. Эгер тамак даяр эмес болсо, даяр болгонго чейин кулагын "күүп" алмайым бар".
"Менин чоң энем тазалык менен ооруйт эле. Карыганда дагы күндө эки фляга сууга жууна берчү. Конок келип кеткенден кийин жеңеме эшиктерден бери жуудуртуп чыкчу. Бирөө менен урушса деле жууна берет болчу".
Талкууга кошулгуңуз келсе,
бул жакка кириңиз.