Бишкектин четиндеги Ала-Арча суу сактагычына эки тонна балык коё берилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда SUPER.KG порталына өлкөдөгү балыкчылардын демилгелүү тобунун мүчөсү Болотбек Алымкулов билдирди.
Алымкуловдун айтымында, бул иш-чаранын негизги максаты балык чарбасынын жана туризмдин өнүгүшүнө салым кошуу.
"Биздин демилгелүү тобубуздун курамында азыр 70 бала бар. Алар менен кеңешип өлкөдөгү көлдөрдө балыктын көбөйүшүнө салым кошууну чечтик. Арабыздан акча чогултуп, биринчи акциябызды Бишкектин четиндеги Ала-Арча суу сактагычынан баштадык. Эки жума чогултулган акчага кечээ, 1-ноябрда эки тонна балык коё бердик. Тиешелүү мамлекеттик органдардан уруксат алганбыз. Эми экинчи акциянын алкагында дагы 3 тонна балык коё берүүнү пландап жатабыз", - деди Алымкулов.
Ошондой эле ал мындай иш-чаралар өлкөнүн башка аймактарында да уланарын кошумчалады.
"Өлкөдөгү бардык көлдөргө балык коё берүүнү ойлоп жатабыз. Бирок иштин баары акчага барып такалат экен. Биздин курамыбыз бизге колдоо көрсөткөндөр көбөйөт деп ишенебиз. Эгер көлдөрүбүздө балыктар көп болсо туризмдин дагы өнүгүшүнө салым кошот эле. Мамлекет болгону балыкты мыйзамсыз кармагандарды тыйып берсе, биздин кылып жаткан иш келечекке сонун инвестиция эле", - деп айтты Болотбек Алымкулов.